Эдил Байсалов: “Эки Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер”

0
41

Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун мамлекетке кызмат кылып жатканы — бул элибиздин бактысы. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн жеке баракчасы аркылуу билдирди.

Ал Жапаров боюнча сын же ушак угуп калса дароо эле күлкүсү келерин айткан.

“Бул киши тууралуу билип-билбей эле апыртып-көбүртүп сүйлөп, көрө албаган жана ич күйүтүн жашыра албагандар толтура эмеспи.

Таланттуу, билимдүү жана күнү-түнү иштеген өкмөт башчы — башкы вазир Акылбек Жапаров азыр мамлекетке кызмат кылып жатканы — бул элибиздин бактысы. Көптү айтып бергим келет, бирок азыр туура эмес болуп калат. Азыр туугандарыма айтарым: жакшылыктан үмүт кылыңыздар, эки Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер, бузуку кара санатайларды укпаңыздар! Баары жакшы болот”, — деп жазган Байсалов.

Ошондой эле, ал постунун алдына Акылбек Жапаровдун өмүр баянын тиркеген

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.