Ишкер ЕАЭБ алкагында түзүлгөн келишимдердин аткарылбай жатышын сынга алды

“Дила Мода” компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Динара Дүйшөбаева Орусиянын ишкерлерге кылган кыянаттыгын айтып, ЕАЭБ алкагында түзүлгөн келишимдердин аткарылбай жатышын сынга алды.

“ЕАЭБдин пайдасын Орусия гана көрүп жатат. Жакында алар маркировка киргизген. Муну менен жүк жеткире турган (КАРГО) кызматтарга алып барганда эле автоматтык түрдө 150 сомдон салык төгөбүз. Биз ошол 150 сомдон пайда таппай калышыбыз мүмкүн. Аны төлөбөсөк, Кыргызстандан чыкпай туруп чек аралардан өтпөй калат.

Алтургай кыргызстандык ишкерлерди онлайн базарларына (интернет дүкөндөрүнө) соода кылуусуна тыюу салып койгон. Wildberries, Amazon сайттары аркылуу соода кылалы десек, Казакстандын же башка өлкөнүн жараны болуп катталышың керек. Бул жаатта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп берсеңер”-деди.

Жогорку Кеңеште “Ынтымак” фракциясынын жыйыны болгон.