ИИМ: Болотбек Ногойбаевдин жаркын элесине арналган дзюдо боюнча турнир башталды

Бүгүн, 16-апрелде ИИМдин “Динамо” спорт комплексинде мурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты, юридика илимдеринин доктору Болотбек Ногойбаевдин жаркын элесине арналган өлкөбүздүн күч структураларынын командалары катышкан “Динамо” коомунун биринчилиги үчүн дзюдо боюнча турнир башталды. Спорттук мелдешке ички иштер министри Улан Ниязбеков, ардактуу коноктор, милициянын генералдары Өмүрбек Кутуев, Курманбек Кубатбеков, Абдылда Суранчиев, Кемелбек Киязов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, Болот Бердибековичтин жубайы Мария Ногойбаева, уулу Бишкек ШИИББнын начальниги Азамат Ногойбаев, “Динамо” коомунун төрагасынын орун басары Торокул Мадалиев жана бир катар замандаштары, кесиптештери катышты.
Турнирдин ачылышында ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Болотбек Ногойбаевдин үй-бүлөсүнө, кесиптештерине жана спорт күйөрмандарына кайрылды. “Бүгүн, биз маркум агабыз, мурдагы ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты, юридика илимдеринин доктору Ногойбаев Болотбек Бердибековичтин жаркын элесине арналган дзюдо боюнча күч структураларынын арасында “Динамо” коомунун биринчилиги үчүн өткөрүлүп кезектеги турнирдин ачылышы менен ба
ардыгыңыздарды куттуктаймын!

WhatsApp Image 2022 04 16 at 10.23.00 ИИМ: Болотбек Ногойбаевдин жаркын элесине арналган дзюдо боюнча турнир башталды


Бул мелдештин негизги максаты – Болотбек Бердибековичтин үй-бүлөсү, жакын туугандары менен жүз көрүшүп, агабыздын жаркын элесине таазим кылып, милициянын өнүгүшүнө кошуп кеткен салымын эстеп, жаш кызматкерлерге насаат катары тарбия иштерине таасир калтыруу болуп эсептелет. Бул мелдешке Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Жазаларды аткаруу кызматынын жана Бишкек менен Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыктарынын командалары катышып жатат.Агабыз Болотбек Бердибекович ички иштер органдарынын катарында 40 жылдан ашуун аралыкта кызмат өтөп, катардагы милиционерден милициянын генерал-лейтенанты чинине чейин жеткен, өз мезгилинин күжүрмөн офицери болгон.

WhatsApp Image 2022 04 16 at 10.23.03 ИИМ: Болотбек Ногойбаевдин жаркын элесине арналган дзюдо боюнча турнир башталды


2007-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри болуп дайындалган. Болотбек Бердибекович ички иштер органдарында кызмат өтөө мезгилинде өзүн укук коргоо органдарынын системасын жакшы билген жогорку кесипкөй жана демилгелүү жетекчи катары көрсөткөн. Болотбек Бердибекович жогорку жоопкерчиликтүү, иштин көзүн билген тажрыйбалуу жетекчи эле жана жаш кызматкерлер үчүн кынтыксыз кызматтын үлгүсү болуп саналат. Ал милициянын ишин өркүндөтүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу ишине олуттуу жеке салым кошкон. Ошондуктан, агабыздын инсандык бийик сапаттары баарыбыз үчүн, айрыкча жаш кызматкерлерге бүгүнкүгө чейин үлгү болуп келүүдө. Анын иштермандыгы, кесипкөйлүгү, эрдиги ар бирибиздин эсибизде сакталып калды. Ошол мүнөзүнө жараша милиция кесибин тандап, өмүрүн, бүткүл жашоосун милицияга берип, элдин кызматына арнаган деп ойлойм.
Урматтуу Болотбек Бердибековичтин үй-бүлөсү, жакындары, меймандар! Мындан ары үй-бүлөңүздөргө жакшылыктар боло берсин, генерал агабыздын атын өчүрбөй ушул иш-чарага келип катышып, ар тараптан колдоп жатканыңыздар үчүн коллегия мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерге ыраазычылык билдирем. Бул турнир квалификациялык турнир катары өтүп, анын жеңүүчүлөрү Россия Федерациясынын Москва шаарында өтө турган күч түзүмдөрүнүн арасындагы эл аралык чемпионатка катыша алышат. Ал эми, бүгүнкү мелдештин катышуучулары, “Спортто күчтүүлөр жеңет, күч атасын тааныбайт” деп айтуу менен бирге бардыгыңыздарга таза жана адилеттүү жеңиштерге жетишүүгө ийгиликтерди каалаймын,- деди Улан Ниязбеков

WhatsApp Image 2022 04 16 at 10.23.02 ИИМ: Болотбек Ногойбаевдин жаркын элесине арналган дзюдо боюнча турнир башталды
WhatsApp Image 2022 04 16 at 10.23.05 ИИМ: Болотбек Ногойбаевдин жаркын элесине арналган дзюдо боюнча турнир башталды
WhatsApp Image 2022 04 16 at 10.23.04 ИИМ: Болотбек Ногойбаевдин жаркын элесине арналган дзюдо боюнча турнир башталды
WhatsApp Image 2022 04 16 at 10.23.04 1 ИИМ: Болотбек Ногойбаевдин жаркын элесине арналган дзюдо боюнча турнир башталды

ИИМдин Басма сөз кызматы