«БМЗ» ААКнын кызматкери жана эки жаран 82 млн сомдон ашык суммадагы зыян келтирген, – УКМК

0
19

Кыргыз Республикасынын УКМК жана КР Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы менен бирдикте, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү козголгон кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан «Бишкек машина куруучу завод» ААКга таандык болгон жалпы аянты 62 га жер тилкесин кайтарып берүү түрүндөгү 82 млн сомдон ашык суммадагы зыяндын ордун толтурду.


Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмышты уюштурууга прокуратуранын, Сокулук районунун мамлекеттик реестринин жана Бишкектеги машина куруучу завод (БМЗ) ААКсынын кызмат адамдарынын түздөн-түз катыштыгы бар экендиги аныкталган.
Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында КР Башкы прокуратурасынын кызматкери, «БМЗ» ААКнын кызматкери жана эки жаран кармалды.


Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралар жүрүп жатат.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.