Садыр Жапаров: “Тажикстан менен такташа элек 308 км жер бар”

Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык баракчаларында Баткендеги акыркы окуяларга байланыштуу пикирин билдирди.

“Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 км чек ара тилкеси бар.

Анын 664 км тилкесин такташып бүттүк. 308 км калды. Албетте иштер тез жүрүп, баарын эртерээк такташып алсак жакшы болмок. Бирок менин көз карашымда иштер жай жүрүп жатат. Себеби бир топ тилкелерде талаштуу жерлер калды. Эң негизгиси тынчтык болсо баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз”, – деди президент

Буга чейин президент журналисттерден, өздөрүн блогер деп эсептеген жарандарыбыздан кошуна мамлекеттер менен болгон чыр-чатактарда маалыматты каалагандай бурмалап жана алардын жетекчилерин мазактап, ар кандай видео-фотоматериалдарды таратканды токтоткула, – деп эскерткен.