«Камэк» клиникасы ээлеген имарат Бишкек мэриясынын балансына кайтарылды

Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Москва көчөсү №225 дарегиндеги муниципалдык имаратты бошотуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Имараттын аянты 532,5 чарчы метрди түзөт.

«Буга чейин департамент Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик боюнча комиссиясынын чечимине ылайык, имаратты өз ыктыяры менен бошотуу боюнча тиешелүү билдирүү жөнөткөн.

Бирок бул эскертүүнү «Камэк» ЖЧКсы этибарга алган эмес. Учурда мекеменин бейтаптары башка ооруканаларга которулуп, имарат бошотулуп, шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын балансына өткөрүү маселеси каралууда”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, №2 төрөт үйүндө жайгашкан имаратта «Камэк» көп тармактуу клиникасы жайгашкан.