Нурлан Насип, Айгүл Айдарова менен чырдашкан кызматкер ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду

Ырчы Нурлан Насип жана Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова менен чырдашкан кызматкер ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулуп, ага кошо үч кызматкер тартиптик жазага тартылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда жарык көргөн видео материал боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Анда 20-мартта ырчы Нурлан Насип менен урушкан кызматкер 3-апрелде ЖКнын депутаты Айгул Айдарова менен да чырдашууга жол берген.

https://fb.watch/cpdJdn5DOV/

Белгилей кетсек, бүгүн, 15-апрелде Kaktus.media басылмасы «өзүн Жогорку Кеңештин депутаты катары тааныштырган аял милициянын кайгуул кызматынын өкүлүн сөктү” деген материал жарыялаган. 20 мүнөткө чукул видеодон милициянын кайгуул кызматынын өкүлү менен унаадан чыккан аялдардын кайым айтышуусун угууга болот.

Тасмада айдоочу “милиция кызматкери балдарымды коркутууда” деп сөгүнсө, милиция кызматкери “айдоочу аял төшүмдөгү камераны жулуп алып сөктү” деп айыптаган. Тасмадан депутат Айгүл Айдаровага окшош аялды көрүүгө болот.

https://fb.watch/cpdJdn5DOV/