Конституциялык сот уюштурган конференцияда мыйзам чыгаруучу органдын ролу айтылды

Бүгүн, 15-апрелде Бишкекте «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мамлекеттик бийлик органдары тутумунда орду менен мааниси жана конституциялык мыйзамдуулукту камсыздоодогу ролу» аталышындагы  улуттук илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Конституциялык сот уюштуруп жаткан конференцияга Юстиция министри Аяз Баетов, Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, Молдова Республикасынын мурдагы юстиция министри Александр Тэнасе жана башкалар катышууда.

Анда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына ылайык бийликтин мыйзам чыгаруу жана сот бутактарынын өз ара аракеттенүүсүнүн формалары, мыйзам чыгаруучу органдын ролу, бийликти бөлүштүрүү принциби жана контролдук тең салмактуулук системасы талкууланды.

Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров акыркы кезде жасалып жаткан аракеттерге токтолду.

«Мамлекеттик бийлик органдары бири-бири менен тыгыз иштешип жатат десем жалган айткан болом. Бирок бүгүнкү иш-чара ич ара байланышты арттырууга багытталган. Мисалы, Конституциялык сот өзүнчө бир бутак, Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу орган. Экөө бир максатта жылбаса мамлекетте мыйзамдуулук орношу кыйын»,-деди ал.