Бишкектин бир катар көчөлөрү оңдолуп, 5 көпүрөнүн курулушу да пландалууда

Бишкектин Сухэ-Батор көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо иштери Аламүдүн дарыясына көпүрө куруу менен жанданды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол куруу долбоору «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси тарабынан берилген архитектуралык-пландоо шарттарынын негизинде иштелип чыгып, экологиялык жана мамлекеттик экспертизадан өткөн.

Долбоорго ылайык, жолдун параметрлери: жолдун узундугу – 700 чакырым; жолдун туурасы Түштүк ЧЧК тарабында 8 метр, жалпы туурасы 16 метр (төрт тилке). Жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн эки тарабында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдун туурасы 2,25 метрди түзөт. Жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн эки тарабында да сугат үчүн арык орнотулат. Ал эми көпүрөнүн туурасы 2 метрге 14,4 , узундугу 24,12 метрди түзөт.

Мэриядан белгилешкендей, жол иштери өткөн жылдын март айында башталып, 2021-жылдын ноябрында токтотулган, быйыл 27-февралдан тарта жол иштери кайра жанданды. Июнь айынын ортосуна чейин оңдоо иштерин бүтүрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун 2-фазасы эки жылга (2021-2022-жж.) каралган. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 70,87 чакырымды түзгөн 60 көчө реконструкцияланып, 5 көпүрөнүн курулушу да пландалууда.

Ишти Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен China Road and Bridge Corporation уюму жүргүзүүдө.