Бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы үч жылга бекитилди

2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы бекитилди. Тийиштүү чечимге Акылбек Жапаров кол койгонун Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган документти кабыл алуу Кыргыз Республикасынын бажы кызматын модернизациялоо, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу жолу менен тышкы сооданы өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган.

Белгилей кетсек, Бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы кыска жана орто мөөнөттүү мезгилге бажы кызматын өнүктүрүүнүн жана бажылык башкарууну жакшыртуунун негизги багыттарын аныктоочу документ болуп саналат.