Дөөлөт Сыдыков: “«Манастын айылынын» жерин баскынчылык жолу менен тартып алуу болуп жатат”

Манасчы Дөөлөт Сыдыков эки күндөн бери социалдык тармакта «Манас айылы» тууралуу зар какшап келгени менен бийлик тарап үн ката элек.

Дөөлөт манасчынын кезектеги ат көтөргүс арманы.

«Манастын айылын» кайра куруу боюнча бардык иш-пландар менен президент Садыр Жапаровдун кабылдоосунда болгом. Ал жерде комплексти жаңылоо боюнча буга чейин кандай иш-аракеттерди аткарсак, ошонун баарын ажо колдоого алып тапшырма берген.

Ошол кезде Алмаз Мамбетов Президенттин иш башкармалыгын жетектечү. Андан бери 2 жетекчи алмашты, ар бири менен иштеп келдик.

Азыркы деконструкциянын максаты административдик ак үй шаарчасын куруу менен «Манастын айылынын» жерин баскынчылык жолу менен тартып алуу болуп жатат. Мага болгон ачык коркутуулар жөнүндө мен азыр бул жерге кошкон жокмун. Кимдер жерди алганга кызыкдар, кимдер иштеп жатат ал чоң сөз.

Эмне үчүн 30 жылдан бери тарыхка жазылган жерди оңдоо жана кайра куруу чечимин өзгөртүп башка максат көздөлүп кетет. Документте жана тарыхта бул жер «Манастын айылы» этнографиялык комплексиники деп жазылып турат.

Мен «Манас айылына» комплексти өнүктүрүү жана сактоо максаты менен келгем. Бул жерди кайра куруу менен «Манас» дүйнөсүн даңазалоо үчүн атайын концепция жазылып, эскиздик долбоордун сынагы дагы расмий түрдө жарыяланып конкурс өткөн.

Концепция элге талкууга алынган, Манас дүйнөсүнө тиешеси бар адистер, коомдук ишмерлер, окумуштуу-илимпоздор, сүрөтчү-дизайнерлер, кайдыгер эмес жарандар, активисттер менен биргеликте эл дагы күбө.

Ортодон кайдагы башка жер чыкты, кайдан, ким Манас ордону кура коет экен?! Манас десе эле эстелик тургузуп коюу эмес. Ал тоого 40 эстелик эмес, бир эстелик тургузганга болбойт. Биз концепциянын маани маңызы үчүн күн-түндөп иштедик.

Ар бир чийимдин, курулуштун өз мааниси, максаты зор экенин далилдүү көрсөттүк. «Манас айылы» эмнеге ушул турган ордунан жылдырылышы керек?! Мен Манасчымын, мага Манас ушулардын баарынан жогору турат!

Андыктан, Манастын жери Манаска гана калыш керек, Манас үчүн гана кызмат кылыш керек. Ошол тоого, бийик жерге бийлик төбөлдөрү үчүн ак үй, имарат эмне үчүн курулбайт. Манасты четке түртүп сала берсе боло береби?

Манаска болгон татыксыз мамиленин далайын көргөм, ошол нерсе гана уланууда деген пикир болушун каалаган эмес элем», – дейт манасчы.