Жол кыймылынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери ишембиликке чыгышты


2022-жылдын 9-апрель ишембилик күнүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын аппаратынын кызматкерлери имараттын чектеш аймагын таштандылардан тазалап, ошондой эле ишенип берилген аймактарды көрктөндүрүү демилгесин колдоо максатында көчөттөрдү отургузушту.

WhatsApp Image 2022 04 09 at 10.02.27 Жол кыймылынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты


Ишембиликке жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аппаратынын кызматкерлери катышып, ишенбиликтин жыйынтыгында айлана-чөйрө тазаланып, көчөттөрдү отургузулуп, топтолгон таштандылар чогултулуп таштанды таштоочу жайга ташталды.

WhatsApp Image 2022 04 09 at 10.02.25 Жол кыймылынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты


ЖКККББнын кызматкерлеринин бирдиктүү аракеттеринин натыйжасында бир нече сааттын ичинде башкы башкармалыктын имараттарынын айланасы көрктөнүп, бардык жер тазаланды.


Жаратылыш чөйрөсү бардык адамдар жана жалпы коомчулук тарабынан туура камкордукка алынган болсо, адамдардын ден соолугу, жашоосу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүп, жаш өспүрүмдөрдүн экологиялык түшүнүктөрү артмак.


ЖКККББнын Басма сөз кызматы