7900 евросун жоготкон жаранга “Манас” бажысынын кызматкерлери акчасын таап беришти

“Манас” бажысынын кызматкерлери Стамбул-Бишкек аба каттамындагы жүргүнчүгө жоголгон акчасын таап беришти.

Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

9-апрелде Орусиянын жараны Стамбулдан Бишкекке келген каттамда, учактын ичинде 7900 евросун жоготконун билдирген.

Бажы кызматкерлер аэропорттун коопсуздук кызматына, милицияга маалымдашып, ыкчам иш көрүлгөн. Алар ар бир жүргүнчүнү карап, акчаны таап бпришкен. Кылмышка шектелип 2 чет өлкөлүк жаран кармалган.