Чоң Чүй каналынан аял кишинин жансыз денеси табылды

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-апрель күнү 102 кызматынан Кемин районуна караштуу Ак-Бекет айылында Чоң Чүй каналына белгисиз адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

535eff82 ed81 43af 80f9 d38e659a7dc3 Чоң Чүй каналынан аял кишинин жансыз денеси табылды

ӨКМден жерине 6 куткаруучу тартылып, издөө-иштеринин натыйжасында Бообек жана Чым-Коргон айылдарынын кесилишинде каналдан 1987-жылы туулган С.Б. аттуу аялдын жансыз денеси табылган.

Куткаруучулар аялдын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.