Таласта милиционер тургунду баңгизаттын саттырып жатканда УКМК тарабынан кармалды

Кечээ, 7-апрель күнү Талас шаарында милиция кызматкери кармалды.


Бул тууралуу маалыматты Талас ОИИБден тастыкташты.


Маалыматка караганда, Талас ШИИБдин мыйзамсыз миграция жана экстремизмге
каршы бөлүмүнүн кызматкери У.Н. уулу кармалган.


«Башка маалымат булактарында милициянын кызматкери наркотикалык зат
берип, кайра акчасын алып жаткан учурда кармашкан деп айтылып жатат. Бул иш
УКМК да катталып кармалган. Кызматкерди Бишкек шаарына алып кетишкен», –
деп айтылат маалыматта.