Субару-Форестер унаасынын айдоочусу мас абалында жөө өтмөктөн кыз кишини сүзүп кеткен. Жабырлануучу реанимацияда

Бүгүн эртең менен саат 08:45 чамасында, оң рульдуу Субару-Форостер унаасы Бишкек шаарынын Чүй менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен Опель-Астра унаасын сүзүп эбегейсиз материалдык чыгым келтирген, жоопкерчиликтен качуу максатында окуя болгон жерден качып кетип бара жатып Исанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен, жөө өтмөктөн 25-30 жаштагы кыз кишини сүзүп кеткен жана Боконбаев менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен жолдун жээгиндеги электр мамысын сүзүп токтогон. Учурда жөө жүргүнчү оор абалда ооруканага жеткирилди.

WhatsApp Image 2022 04 07 at 08.40.13 Субару-Форестер унаасынын айдоочусу мас абалында жөө өтмөктөн кыз кишини сүзүп кеткен. Жабырлануучу реанимацияда

Айдоочусун текшерүү учурунда Бишкек шаарынын тургуну 27 жаштагы В.Т., алкоголдук ичимдик ичип алгандыгы аныкталды.

Унаасы айып аянтчага токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө.

КР ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы