Бүгүн Апрель ыңкылабына 12 жыл болду

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен эскерүү иш-чаралары өтөт.

2010-жылдын 7-апрелинде үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы болгон эл «Ала-Тоо» аянтына чыгып, ал кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигин кулаткан.

Ошол күнү бийликтин огунан 87 адам каза болуп, Бакиев өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Кыргызстандын келечеги үчүн көз жумган эр-азаматтардын бир катарларынын  сөөгү «Ата-Бейит» комплексине коюлган.

7-апрель Кыргызстанда расмий түрдө Апрель революциясынын күнү болуп саналат. Жалпысынан 2010-жылдагы ал окуяларда 123 адам өмүрү менен кош айтышты.