Сүннөткө отургузуу операциясы учурунда каза болгон бала кан жоготуудан эмес, жүрөгү токтоп калгандыктан каза болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Наркоз сайып жаткан учурда баланын жүрөгү токтоп калган. Учурда оорукананын жетекчилиги окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Кечээ Бишкекте 7 жаштагы бала сүннөткө отургузгандан кийин көз жумган. Анын №3 балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнө «Платтер синдрому, катуу жарааттан кан кетүү» диагнозу менен жеткирилип, эсине келбей каза болгон.