Кадамжай районунда баштыктан табылган ымыркайдын энеси табыла элек

Кадамжай районунда баштыктан табылган ымыркайдын энеси аныктала элек. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Учурда бул факты боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертке кетсек, 16-мартта саат 18:00 чамасында Кадамжай шаарынын 42 жаштагы тургуну малын багып жүрүп, Кадамжай районунун Миң-Жылга сайынан бир баштык таап алган.

Ичин караганда, ымыркайдын жансыз денеси болгон.