Баткенде оң рулдуу унаалардын катышуусу менен 3 ай ичинде 4 жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болгон

Оң рулдуу унаалардын баасы арзан болуп, жарандарыбызга акча каражаты жактан ыңгайлуу болгону менен, анын айрым терс жактарын дагы эске алганыбыз туура.

Себеби, Кыргызстандын, анын ичинде Баткен облусунун жолдору оң тараптуу кыймылга ыңгайлаштырылып салынгандыктан, рулу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын башкарууда өзгөчөлүктөр бар. Бул оң рулдуу унаалардын айдоочуларына айрым учурда ыңгайсыздык жаратып жатканы талашсыз.

Whatsapp image 2022 04 04 at 09. 29. 54 2 баткенде оң рулдуу унаалардын катышуусу менен 3 ай ичинде 4 жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болгон


Жогорудагыларды эске алуу менен, Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташыган оң рулдуу унаалардын айдоочулары менен тез-тезден жолугуп, жол кыймылынын кырсыктарына учурабоо, анын каргашалуу кесепеттерин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишүүдө. Бирок, тилекке каршы Баткен облусунун аймагында 2021-жылдын 12 айында оң рулдуу унаалардын айдоочуларынын катышуусу менен 33 жол кыймылынын кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 4 адам каза болуп, 86 адам денелеринен ар кандай жаракаттарды алган.


Ал эми, 2022-жылдын 3 ай аралыгында оң рулдуу унаалардын айдоочуларынын катышуусу менен 4 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 3 жаран каза болуп, 1 жаран денесинен жаракат алып ооруканага кайрылган.

Whatsapp image 2022 04 04 at 09. 29. 54 1 баткенде оң рулдуу унаалардын катышуусу менен 3 ай ичинде 4 жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болгон
Whatsapp image 2022 04 04 at 09. 29. 54 баткенде оң рулдуу унаалардын катышуусу менен 3 ай ичинде 4 жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болгон
Баткенде оң рулдуу унаалардын катышуусу менен 3 ай ичинде 4 жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болгон

Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБнун басма сөз кызматы