
Эркин Тентишев президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, Эркин Тентишев буга чейин президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келген.






