Токмокто жарнамалык щит жолго кулап түштү

Токмок шаарындагы кире беришиндеги жарнамалык щит катуу шамалдан улам унаалар өтүүчү жолго түшүп калды.

Бул тууралуу күбөлөр Вulak.kg редакциясына билдиришти.

Жабыркагандар болгон жок.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору Чүй менен Бишкекте катуу шамал болушу күтүлө турганын маалымдаган. Кабарлангандай Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында 1 сааттын ичинде жана күндүн экинчи жарымында катуу шамал болушу мүмкүн.Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.