Бишкек шаарындагы №2 көп тармактуу клиникалык оорукананын сыртын жаап салышты

Бишкек шаарындагы №2 көп тармактуу клиникалык оорукананын сыртын жаңылоо иштери жүрүп жатат деген шылтоо менен клиниканын эшигин куруучу тепкичтер менен жаап салышты, -дейт Алмазбек Исманкулов.

“Бүгүн биз министрдин дагы бир акылга сыйбаган кылыгы менен таанышып жатабыз. Ал курулуш тепкичтери менен эшикти жаап салды. Буга чейин дагы кум түшүрүп, дарбазаны жаап салып ишибизге жолтоо кылган. Бейтаптардын арасында көзү начар көргөндөр да бар, аларды ушундай жол менен шылдыңдаган болобу?”, – деп билдирди Исманкулов.

Эске салсак, бүгүн, 29-мартта Саламаттык сактоо министрлигинен аталган мекемеде ремонт иштери болуп жатканын кабарлашкан.

Маалыматка караганда, жаңылоо иштери №2 корпусунда жүрүп жатат жана ал 10-15 күнгө созулат.

«Бул ооруканада Алмазбек Исманкуловдун Көз микрохирургиясы жайгашкан. Жеке клиника Бишкек мэриясынан келишимди токтотуу тууралуу кат алганына карабай, имаратты өткөрбөй жатышат»,-деп айтылат маалыматта.