
Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Окуя өткөн жылдын ноябрь айында болгон. Саат 21:00дө Москва менен Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде дүкөнгө жаран кирип, күч колдонуп, соода кылып жаткан өспүрүм кыздан 5 миң сом тартып алып, качып кеткен.
Милиция тарабынан кылмышка шектелип 1996-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.