Талас шаарында милиция аялдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү

​ ​ 23-март күнү Талас облустук Капар Медетбеков атындагы ​ драма театрында Орто Азия боюнча белгилүү ​ дин аалымы Доолов Садыбакас жергиликтүү ​ аялдар менен жолугушуу өткөрдү. Анда “дил баян” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө ​ ​ белектерди тапшыруу аземи болду. ​ ​ ​

Талас ШИИБнин кызматкерлери чогулган эл арасында кайрылуу жасоо үчүн​ атайын ​ убакыт алышты. Талас ШИИБнин кадрлар менен иштөөчү улук инспектору милициянын подполковниги Турусбекова Бактыгул Кыргыз Республикасынын Президентинин 54 Жарлыгын жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатвасын жеткирди.

9f5cc9aa 20b3 4a8d 8bfa 46a60ae36361 Талас шаарында милиция аялдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү

​ Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында жолугушууга келген аялдарга ​ ​ түшүндүрүү иштерин жүргүздү.​

Маркумду жерге коюу, эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүдө ​ ысырапкерчиликке жол бербөөдө колдоого жана аны жайылтууга ​ жардам берүүнү өтүндү.

8471a9df 21de 4862 b6dd cfe57fc3874c Талас шаарында милиция аялдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү

​ Талас ОИИБнин басма сөз кызматы