Чек арага чеп болуп туруп, бир да килограмм май, ун, кумшекер өткөрбөгүлө, – Ташиев

Өкмөттүн антикризистик планы талкууланган жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коңшу өлкөдө ун менен кумшекер 1,5 эсе кымбат, ал эми өсүмдүк майы жок калганын белгилеп, Бажы кызматынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн аткезчиликке каршы иши өтө начар болуп жатканын айтты жана тийиштүү мекемелердин жетекчилери жеке жоопкерчиликте экенин эскертти.

“Бажы кызматы, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Салык кызматы биргелешип Баткендеги чек араны карагыла. Бардык азык-түлүктү азыр насос менен сордургансып чыгарып кетип жатышат. Чек арага чеп болуп туруп, бир да килограмм май, ун, кумшекер өткөрбөгүлө. Бул негизги максат”, — деди Ташиев.