Next TV телеканалынын иши жабык эшик артында каралууда

Бүгүн, 22-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Next TV телеканалынын иши жабык эшик артында каралып жатат.

Судья Чыңгыз Бердимуратов сот процессинин ачык өтүшүнө, журналисттер катышып, аудио, видеого жаздырууга уруксат берген жок.

Каналдын жетекчилиги 3-марттан бери жабык турган кеңсеге кирүүгө уруксат берүүнү өтүнүп сотко кайрылган.

Белгилей кетсек, 3-мартта УКМК Next TV телеканалына Жазык кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козгоп, телеканалдын директору Таалай Дүйшенбиев менен эфирдик инженери Таалай Бейшембаевди кармап кетишкен.

Инженер Таалай Бейшембаев ошол эле күнү коё берилип, ал эми директору эки айга камакка алынган. УКМК Next TV социалдык тармактардагы баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын экс-башчысынын сөзүнө таянып, «Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабар тараткан деп айыптап жатат.