Талас ОИИБи​ милициянын полковниги Мадинова Назгулду ардактуу эс алууга узатты

Талас ОИИБнин ​ өздүк​ курамы коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматынын аскердик-мобилизациялоо иштери жана жарандык коргонуу тобунун улук инспектору милициянын полковниги Мадинова Назгулду өз каалоосу менен ардактуу эс алууга салтанаттуу узатышты.

WhatsApp Image 2022 03 17 at 15.56.57 1 Талас ОИИБи​ милициянын полковниги Мадинова Назгулду ардактуу эс алууга узатты

Мадинова Назгул ички иштер органдарында 1996-жылдан бери. Өзүнүн милицияда кызматын Талас РИИБнин Чат-Базар айылдык милициянын бөлүмөсүндө жаш өспүрүмдөр менен иштөөдөн баштаган. Паспорт бөлүмүндө, адистер бөлүмүндө жана мыкты жетишкендиктери менен 2008-жылы Талас шаардык ички иштер бөлүмүндө начальниктин кадрлар боюнча орун басары болуп иштеди. Убактылуу кармоо ​ изоляторунун начальниги жана маалыматтык технологиялар бөлүмчөсүнүн начальниги кызматтарын ийгиликтүү жетектеди.

Өзүнүн басып өткөн жолунда милициянын​ үлгүлүү жүрүм-турумун, мыкты кызматын, жогорку билимдүүлүгүн, ​ Ата-Мекенге берилгендигин көрсөтө алды. Милициянын ысык суугуна туруштук берип, күнү-түнү ак эмгегин өтөдү. Ички иштер органдарында айымдарга үлгү болчудай, өзүнүн адамгерчилиги, кичи пейилдиги, аруулугу менен өзгөчөлөнгөн​ айым. Ички иштер органдарында үзгүлтүксүз 25 жыл кызмат кылды. Белгилеп кетсек, Мадинова Назгулдун апасы Суанбекова Ася да өмүр бою милицияда иштеп, азыркы учурда ардактуу эс алууда болуп, Талас ОИИБнин ардактуу жана кадырлуу ардагерлеринин бири.

​ Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис, орун басарлары менен ардактуу эс алуу боюнча буйруктарды жарыялап, атайын даярдалган белектерди тапшырып, куттуктоо жана каалоо-тилектерин билдиришти.

WhatsApp Image 2022 03 17 at 15.56.57 Талас ОИИБи​ милициянын полковниги Мадинова Назгулду ардактуу эс алууга узатты

Талас ОИИБнин басма сөз кызматы.