Кадамжай районунда сумкага салынган жаңы төрөлгөн баланын жансыз денеси табылды

Бул маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 16-март күнү саат 18.00 чамасында Кадамжай шаарынын 42 жаштагы тургуну өзүнүн малдарын багып жүрүп, Кадамжай районунун Миң-Жылга сайынан бир сумка таап алып, ичин караганда жансыз ымыркайдын денеси бар экендигин билдирип, милицияга кабар берген.

Кадамжай РИИБнин жетекчиси ыкчам-тергөө тобу менен аталган жерге барып, сумкада жаткан жансыз дене эркек ымыркай ак материалдар оролгондугун аныкталат. Ошондой эле ымыркай менен кошо сумканын ичинен MI Bend 4 кол сааты табылган.

Бул фактыны Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына каттап, жансыз денеге экспертиза дайындалды.

Азыркы күндө жаш ымыркайдын энесин жана аны талаага таштаган белгисиз адамдар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.