Эл аралык террористтик жана диний экстремисттик уюмдарга тиешеси бар үчүн соттолгондордун арасында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү

Эл аралык террористтик жана диний экстремисттик уюмдарга тиешеси бар үчүн соттолгондордун арасында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюунун алкагында, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелеринде Эл аралык террордук жана диний экстремисттик уюмдардын (ЭТУ/ДЭУ) колдоочуларынын санын азайтуу максатында, ошондой эле салттуу эмес исламдын өкүлдөрүнө жана катардагы соттолгондорго профилактикалык таасир берүү үчүн КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ЭТУ/ДЭУга тиешеси бар үчүн соттолгондордун “салафизмдин” “такфиристтик-жихадисттик” агымынын радикалдуу көз караштарынан эл алдында баш тартууга багытталган алдын алуу иш-чаралар өткөрүлдү. 

Алдын алуу иш-чараларынын жыйынтыгында, соттолгон У.А.А. жана О.Ы.О. Кыргыз Республикасынын жарандарына алардын диний көз караштарынын туура эместиги жана Борбор Азиядагы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында кырдаалды туруксуздаштыруу боюнча чараларды көрүп жаткан диний-экстремисттик уюмдардын, анын ичинде “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун жана ЭТУнун ишмердүүлүгүнө жол берилбестиги жөнүндө кайрылуу жасашты. 
Ошону менен бирге, соттолгон У.А.А. жана О.Ы.О. жасаган иштерине өкүнүп, мындан ары мыйзамсыз иш-аракеттерге жол бербөө ниетин билдиришип, Кыргыз Республикасынын жарандарын ЭТУ/ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырышты.

УКМК тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча тынымсыз иштерди улантууда.