Эсенбек Кылжыров “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды

Бишкек мэриясында кайрадан кадрдык алмашуулар болду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылжыров Эсенбек Токонович “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Кошумчалангандай, мурунку жетекчи өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.