БШК кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн, 15-мартта 2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын талдаган коомдук талкуу өттү. Анда жаңы шайлоо системасынын артыкчылыктары менен кемчиликтери жөнүндө сөз болду.

«2021-жылы Кыргызстанда эң чоң саясий процесстерди аяктадык. Алсак, президенттик шайлоо, референдум, жергиликтүү кеңештерге шайлоо, шаардык кеңештердеги депутаттардын шайлоосу жана 28-ноябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо болду. Үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде 3 шаар менен 13 айылдык кеңештеги шайлоону өткөрүп алсак, бизде жакынкы арада шайлоолор болбойт. Шайлоону техникалык жактан камсыздоону өркүндөтүү, маалыматтык шайлоо системасын жакшыртуу сыяктуу пландарыбыз бар. Бүгүнкү коомдук талкуунун максаты жыйынтыктоо»,-деди БШКнын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров.

Ал эми Боршайкомдун Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова алдыдагы шайлоолор тууралуу маалымат берди.

«Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор 2025-жылы өтөт. 2026-жылы парламенттик шайлоо болот. Ал эми президенттик шайлоо 2027-жылга туура келет»,-деди Шайлдабекова.