Улуттук банк рублдун кыргыз сомуна карата курсун башка жол менен аныктайт

Улуттук банктын башкармалыгы орус рублинин кыргыз сомуна карата курсун аныктоонун жаңы эрежесин кабыл алды. Бул тууралуу токтом Улуттук банктын сайтына жарыяланды.

Орус рублинин кыргыз сомуна карата расмий курсун эсептөө төмөнкү тартипте аныкталат: орус рублинин кыргыз сомуна карата расмий курсу Бишкек убактысы боюнча мурунку соода күнү саат 15:00дөн учурдагы соода күнү саат 15:00гө чейинки мезгил аралыгында «Блумберг» маалымат агенттиги жана «Рейтер» маалымат агенттиги тарабынан белгиленген, орус рублине карата АКШ долларынын максималдуу жана минималдуу курсу аралыгындагы орточо маанинин негизинде кросс-курс боюнча эсептелет. 

Токтом 2022-жылдын 14-мартынан тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин колдонулат.