Өмүрбек Текебаев Берлинде жашаган кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери менен жолукту

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев элчи катары миссиясын Берлин шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери, ошондой эле «Кыргыз-Герман маданий коомунун» өкүлдөрү менен жолугушуусунан баштады.

img 20220312 wa0032 1 Өмүрбек Текебаев Берлинде жашаган кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери менен жолукту

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 11-мартында өткөрүлдү.

Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары активдештирүү, Кыргызстандын экономикасынын ар кайсы тармактарына инвестицияларды тартуу жана өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча өзүнүн пландары жана идеялары менен бөлүштү.

img 20220312 wa0031 Өмүрбек Текебаев Берлинде жашаган кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери менен жолукту

Текебаев элчилик менен Германиядагы кыргыз диаспоранын ортосунда тыгыз кызматташтыкты улантуунун зарылдыгын белгилеп, мекендештерди өлкөгө инвестицияларды, жаңы технологияларды тартууга жана туристтик потенциалды жайылтууга активдүү көмөк көрсөтүүнү улантууга чакырды.

img 20220312 wa0030 1 Өмүрбек Текебаев Берлинде жашаган кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери менен жолукту

Достук маанайда жолугушуунун учурунда мекендештер талкууга активдүү катышып, ар кандай маселелер, анын ичинде консулдук мүнөздөгү маселелер талкууланды.