Равшанбек Сабировдун ордуна Мейкинбек Абдалиевге депутаттык мандат тапшырылды

Борбордук шайлоо комиссиясы Мейкинбек Абдалиевге депутаттык мандат тапшырды. Бул тууралуу чечим бүгүн, 14-мартта БШКнын жыйынында кабыл алынды.

Ал “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат болот. Абдалиев Равшанбек Сабировдун ордуна депутат болду.

Мейкинбек Абдалиев 1976-жылдын 11-февралы күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында туулган.
Ал 2021-жылдын 31-мартында “ϴнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Белгилей кетсек, 11-мартта Равшанбек Сабиров президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалган.