Кадамжай районунда “Бандит” иш-чарасы өтүп, мал уурулук боюнча 16 фактынын бети ачылды

Кадамжай РИИБнин кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери “Бандит” аталышындагы шарттуу иш-чарасын өткөрүшүп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталган мал уурулук боюнча бир топ ыкчам иштерди жүргүзгөн.

WhatsApp Image 2022 03 14 at 09.13.06 1 Кадамжай районунда "Бандит" иш-чарасы өтүп, мал уурулук боюнча 16 фактынын бети ачылды


Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын натыйжасында мурда катталган 16 факт мал уурулуктун бети ачылып, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жарандарынан биргелешип түзүлгөн топ кармалды. Жалпысынан Ак-Турпак айыл аймагынан 61 баш бодо мал уурдалып, жабырлануучуларга 2571000 сом зыянга учураган.


Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынын 23 жаштагы А.О., Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун Риштан районунун 20 жаштагы М.А., 22 жаштагы А.К., 21 жаштагы Х.И. жана 30 жаштагы Т.М. аттуу тургундары аныкталып кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

WhatsApp Image 2022 03 14 at 09.13.06 2 Кадамжай районунда "Бандит" иш-чарасы өтүп, мал уурулук боюнча 16 фактынын бети ачылды


Ошондой эле “Бандит” шарттуу иш-чаранын жүрүшүндө район аймагына өткөрмө посттор коюлуп, автоунаалар текшерилип, Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин негизинде жалпысынан 7 айдоочуга айып пулдар салынды.

WhatsApp Image 2022 03 14 at 09.13.07 Кадамжай районунда "Бандит" иш-чарасы өтүп, мал уурулук боюнча 16 фактынын бети ачылды
Бандит,

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы