Аялдын уюлдук телефонун уурдоого шектелип эки жаран кармалды

Бишкекте аялдын уюлдук телефонун уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-мартта саат 22:10дор чамасында “102” кызматына Хвойная көчөсүндө каракчылык болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жиберилген. Жеринде 34 жаштагы Т.Н. аттуу аял арыз менен кайрылып, белгисиз жарандар “Самсунг-А 30А” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алганын билдирген.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 32 жаштагы Ө.К. жана 29 жаштагы Ы.М. аттуу жарандарды кармашкан. Алар Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.