Кыргызстанга 22 миң кг тоок этин мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн

Казакстандан Кыргызстанга 22 миң кг тоок этин мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирет.

e151429f c6f7 466d b163 41b748f054a2 Кыргызстанга 22 миң кг тоок этин мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн

Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан текшерүү учурунда тоо этинин ветеринардык коштомо документтери жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.

“Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Казакстанга “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу артка кайтарылды.