«Манас» аэропортунун аба майданы курчоого алынды деген маалымат – жалган

«Манас» аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова аба майдан курчоого алынды деген маалыматты четке какты.

Анын айтымында, 9-мартта Санкт-Петербург-Бишкек багытындагы учак аэропортко конду. Жүргүнчүлөр эвакуация болду деген кабар чындыкка дал келбейт.

Буга чейин интернет булактарында Санкт-Петербург-Бишкек багытындагы учактагы жүргүнчүлөрдүн бири Украинадагы согушка каршы экенин билдирип, кол баштыгында жарылуучу зат бардыгын айтканы, мындан улам «Манас» аэропорту курчоого алынганы кабарланган.

Каттамды тейлеген «Авиа Траффик» компаниясы кимдир бирөө авиакомпаниялардын электрондук даректерине жогорудагыдай мазмундагы катты жөнөткөнүн, бирок учактагы жүргүнчүлөрдүн эч кимиси андай аракетке барбаганын билдирген.