Абдурахман Муртазалиев: Миңдеген адам мени шайлаган

Мага добуш бергендердин укугун тебелеген болбойт. Мындай пикирин (Свердлов) боюнча лидер болуп чыккан депутаттыкка талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен макул эместигин билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчаларына жазган.

Эске салсак, 27-февралда өткөн кайра шайлоонун жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын Свердлов округу боюнча Абдурахманхаджи Муртазалиев шайлоочулар берген добуштун 19,52%ын чогултуп, алдыга озуп чыккан.

Кечээ, 9-мартта, БШК анын кандидатурасын чечкен. ИИМдин өкүлдөрү берген маалыматка ылайык, добуштарды сатып алуу фактысы тастыкталып, кылмыш иши козголгон.