Чүйдө бир нече аккумулятор уурдоого шектүү кармалды

Ысык-Ата районунда бир нече аккумулятор уурдоого шектүү кармалды
2022-жылдын 3-январында Ысык-Ата РИИБүнө 1986-жылы туулган А.Н. аттуу
жаран арыз менен кайрылып, үйүнүн алдында токтоп турган автоунаасынын
аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.


Бул факты бирдиктүү реестрге катталып териштирүү иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери
тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде бул кылмышка шектелип
1996-жылы туулган Х.О. аттуу жаран кармалган.


Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын
натыйжасында шектүү жарандын ушул сыяктуу дагы 3 кылмыш фактысына
тиешеси бар экендиги аныкталган.


Кармалган жарандын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок
экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.