“Мен бага албайм”: Бишкекте батирдин алдына ташталган ымыркайдын саламаттыгы жакшы

Бишкекте батирдин босогосуна ташталган ымыркайдын абалы канаттандырарлык.

Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ымыркай 1-мартта төрөлгөн. Ал Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 5-мартта жеткирилген. Дарыгерлер ымыркай баланын ден-соолугун текшерип, саламаттыгы жакшы экенидигин аныкташкан.

«Эркек бала 2 кг 495 грамм салмакта төрөлгөн. Бою 50 сантиметр. Учурда абалы канаттандырарлык»,-деп билдиришти Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан.

Учурда ымыркайдын ата-энесин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Эске салсак, Бишкекте батирдин босогосуна белгисиз адамдар ымыркайды таштап кетишкен. Анда ымыркайдын жанында «Мен бага албайм. 2022-жылдын 1-мартында туулган» деп жазылган жазуу калтырылган. «Тез жардам» кызматынын кызматкерлери ымыркайды текшерип, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна алып барышкан.