Таластыктарга милиция менен имам ашыкча ысырапкорлукту жоюу керектигин айтты

Манас РИИБи милициянын көчмө кабылдамасы менен айылдарда эл менен жолугушууда


Манс РИИБни начальниги милициянын полковниги Акматов Айбек Манас районунун Уч-Коргон, Кеңеш,Чоң капка, Жийде айылдарында жергиликтүү тургундар менен чогулуштарды өткөрдү.

WhatsApp Image 2022 03 04 at 07.54.06 Таластыктарга милиция менен имам ашыкча ысырапкорлукту жоюу керектигин айтты

Чогулушка Манас районунун акими, имам Хатиби, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин төрагалары, жаштар комитетинин мүчөлөрү менен бирдикте айылдарды кыдырып чыгышты.

Тургундарга өлкөнүн Президентинин «Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Айыл тургундары ал жарлыкты колдоорун билдиришип, ушундай катуу талаптар менен ашыкча ысырапкорлукту жоюу керектигин айтышты. Аталган иш чара бекитилген графиктин негизинде аймактын ар бир айылында жүрүп жатат.

WhatsApp Image 2022 03 04 at 07.54.05 1 Таластыктарга милиция менен имам ашыкча ысырапкорлукту жоюу керектигин айтты
WhatsApp Image 2022 03 04 at 07.54.06 1 Таластыктарга милиция менен имам ашыкча ысырапкорлукту жоюу керектигин айтты
WhatsApp Image 2022 03 04 at 07.54.06 2 Таластыктарга милиция менен имам ашыкча ысырапкорлукту жоюу керектигин айтты
WhatsApp Image 2022 03 04 at 07.54.05 Таластыктарга милиция менен имам ашыкча ысырапкорлукту жоюу керектигин айтты


Талас ОИИБнин басма сөз кызматы