ӨКМ: Кар көчкү бир адамдын өмүрүн алды

3-март күнү саат 15:53 чамасында Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл аймагына караштуу Жел-Арык коктусунда кар көчкү түшүп, 1 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.


Маалыматка караганда, аталган аймакта 3 киши аң уулап жаткан учурда кар көчкү
түшкөн. Анын көлөмү болжол менен 3000 метрди түзөт. Көчкү 1973-жылы туулган
Б.Р. аттуу адамды басып калган. Ал жерге ӨКМден 5 куткаруучу, ИИМден 4
кызматкер, жергиликтүү тургундарынан 25 киши тартылган.

Куткаруучулар
тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 17:45те аталган адамдын жансыз
денесин көчкүнүн астынан табылды.