Азамат Акенеев: Дүйнөлүк ири компаниялар Орто Азия мамлекеттерин Орусиянын субъекти катары карашат

Бүгүн, 4-мартта Бишкекте Украинадагы согуштун артынан Кыргызстанга кандай коркунучтар болушу мүмкүн деген темада серепчилер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жыйналып, талкуу кылышты. Анда экономист Азамат Акенеев төмөнкүдөй оюн билдирди.

“Бул жолку процесс экономикалык жактан алганда биз үчүн бир нече жыл бою өзүнүн таасирин берет. Экономикалык көз караш менен айтканда Кыргызстан Орусиянын бир субъекти деп койсо да болот. Кайсы бир деңгээлде биз алардын экономикасынын бөлүгүбүз. Жакын арада бул согуштук абалдан улам, Орусиянын экономикасы талкаланып калары белгилүү.

Азыр сомдун куну түшүп баратканы рублге байланыштуу. Мигранттардын которгон акчаларынын 90 пайызы Орусиялык мигранттарга туура келет. Биз санкцияларга туздөн-түз кабылбасак да, логистикалык жактан алганда жапа чеге турган тараппыз.

Кечээ күнү эле Кыргызстанда келе жаткан контейнерлер кайрадан артка кайрылып кетип бара жатышат. Европа, АКШдан келген товарларды биз алдыда таптакыр башка жол менен, балким Кытай аркылуу ала баштайбыз. Бул таптакыр башка логистика жана башка эрежелер.

Азыр Орусиянын көптөгөн банктары SWIFT системасынан чыгарылган, буга байланыштуу биздин нефтетрейдерлер аларга төлөмдөрдү жүргузө албай жатышат. Доллар менен төгөндүктөн бул операциялар аткарылбай жатат.

Орус-кыргыз фондунун ресурстары Орусиянын ВТБ банкында сакталгандыктан каражаттарын жоготту деп айтсак болот.

Интернет жагынан да бизде көйгөйлөр боло турганы айтылып жатат. Орусия бул тармактан да үзгултүктөрдү коеру болжонууда. Орто Азиялык мамлекеттер ири дүйнөлүк компаниялар тарабынан дайым Орусиянын бир бөлүгү катары кабыл алынып келген. Жөнөкөй эле кинотасмаларды да ала албай калабыз. Бул рынок да Орусияга байланыштуу болгондуктан, Европанын аларга коюлган санкцияларынан улам боулп жатат.

Азыр биз бул санкциялаык пакетти изилдеп көрүшүбүз керек. Кагаз түрүндө каалаган нерсе жазыла бериши мүмкүн, ал эми реалдуулук таптакыр андан айырмаланышы ыктымал. 2022-жылга карата Орусиянын Борбордук банкы ИДП деңгээли 6% га чейин түшөт деп жатат, бул менимче оптимисттик көз караш”.