Президент Башкы прокуратуранын, УКМКнын, ИИМдин кызматкерлерине эскертүү берди: “Керектүү иштерди өткөрүү практикаңарды токтоткула!”

Бүгүн, 4-мартта, Бишкекте Кыргызстандын судьяларынын XII курултайында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөдү.

Анын айтымында, жылдан жылга сотторго кайрылган жарандар көбөйүп, каралган иштердин саны өсүүдө.

“Бул көрүнүш адамдар сотко барып, өздөрүнүн бузулган укуктарын сот аркылуу коргоп жатышат дегенди билдирет. Ошол себептен, жалпы кыргыз элине кайрылгым келип турат: кимибиз болбойлу, мамлекеттик кызматкерби, укук коргоочубу же болбосо жөнөкөй жаранбы — бардыгыбыз укуктук маданиятыбызды жогорулаталы.

Кандай гана талаш болбосун, аны жалаң укуктук талаада гана чечүүнү, мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдерди сыйлаганды үйрөнөлү.

Ошондой эле Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине кайрылам: соттордун ишине кийлигишип, судьяларга кысым көрсөтүп, өзүңөргө керектүү иштерди өткөрүү практикаңарды токтоткула. Бул менин сиздерге катуу эскертүүм болсун”, — деди президент.

Жапаров ар ким өз иши менен гана алек болушу керектигин айтып, судьялар кызматтык милдеттерин укук ченемдерин сактоо менен аткарса, анда судьяларга кысым көрсөтүүнүн кажети жок болуп каларын маалымдады.