66 жаштагы орусиялык олигарх Михаил Уотфорд өзүнө кол салды

Украинада туулган 66 жаштагы орусиялык олигарх Михаил Уотфорддун сөөгү Улуу Британияда табылды.

Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Маалыматка караганда, Михаил Уотфорд мунай жана газ өндүрүү тармагында ишкерлик кылган. 2000-жылдардын башында ал Улуу Британияга көчүп барып, жарандыгын алып өз ысымынан бери өзгөрткөн. Ал жактан  кыймылсыз мүлк менен алектенген.

Анын чын аты Михаил Толстошея.

Үй-бүлөлүк  досу Михаилдин  ден-соолугуна Украинадагы кырдаал таасир этиши мүмкүн экенин божомолдоду.

Көптөгөн маалымат каражаттары магнат расмий Лондон орус олигархтарынын санкциялык тизмесин жарыялагандан көп өтпөй каза болгонун, бирок Уотфорд бул тизмеде жок экенин белгилешти.