32 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды

Ысык-Көлдө 32 жаштагы жаран баңгизат менен кармалганын облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

WhatsApp Image 2022 02 22 at 15.13.53 32 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды

Билдирүүгө ылайык, 21-февралдан 22-февралга караган түнү Балыкчы-Каракол жолунда баңги каражаттарды мыйзамсыз ташууга аракет кылган шектүү кармалды.

Экспертизанын жыйынтыгында, алынган заттар, гашиш баӊги затына кирери жана жалпы салмагы 235 грамм экендиги аныкталган. Шектүү Түп районунун Байзак айылынын 1990-жылы туулган тургуну Б. уулу К. экени белгилүү болгон.

Аталган факт учурда Ысык-Көл облустук милициясында каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.