Сузак жана Тогуз-Торо райондорунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Жалал-Абад облусунун Сузак жана Тогуз-Торо райондорунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кар көчкүнүн астында калган 4 жаранды издөө иштери жеринде күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө. Издөө иштери жүргүзүлүп жаткан аймакта кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.

«Гидрометеорология кызматынын адистеринин маалыматы боюнча болжол 1,5 млн куб метрди түзөт. Куткаруучулар бүгүнкү күндө 20-30 метрге чейинки тереңдиктеги карды казып, издөө ишин улантууда»,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 14-февралдан тарта издөө ишин жеринде ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүүдө. 21-февралга карата болжол менен жалпы 178 300 м3 кар көчкү тазаланган.