Акылбек Жапаров: “Лейлектин акимине өзүмдүм “Джип” унаамды таштап кеткем”

Баткен шаарында өтүп жаткан өкмөттүн көчмө жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлерге өз унааларын Баткендеги жергиликтүү жетекчилерге тапшырып кетүүнү сунуштады.


“2008-жылы экономика министри болуп турган убакта Баткенге келгем. Анда бул жолдор мынчалык оңдоло элек болчу. Оштон Баткенге унаа менен баргам. Ушунчалык алыс жерде иштеп жатканын көрүп, Лейлектин акимине өзүмдүм “Джип” унаамды таштап кеткенмин. Азыр да өкмөт мүчөлөрү ушундай кадамга барам десеңер мен каршы эмесмин. Берип койсоңор боло берет”- деди Акылбек Жапаров.

Бүгүн 22-февралда Баткен облусунда Министрлер кабинетинин көчмө жыйыны өтүп жатат. Ага бардык өкмөт мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.